Кыргыз кыздарын Казакстанга сексуалдык кулчулукка мажбурлап иштетүүгө шектелип, 32 жаштагы Гүлназ жана Исмаил аттуу жарандар 23-мартта кармалышты. Булардын үстүнөн Токмок шаарынын 57 жаштагы тургуну К.А. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылып, анда аталган айым 1996-97-жылы туулган 2 кызын Казакстандан жумуш таап берем деп алып кетип, учурда кул катары иштетип жатканын айткан. Мындай маалыматты кордук көрүп жаткан кыздар энесине телефон аркылуу кабарлаган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.