Чүй облусунда чек ара режимин бузган жарандар кармалышты. Бул тууралуу 14-март күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-март күнү Арал айылынан чек ара режимин бузган 2 кыргыз жана 1 казак жараны кармалган. Алардын жанында өздүгүн аныктоочу документтери болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, алар ИИМдин аймактык бөлүмүнө жеткирилишкен. Ошондой эле Кең-Булуң айыл аймагынан чек ара режимин бузуп, балык уулап жаткан жаран кармалган. Анын жанында да документтери болгон эмес. КРнын Административдик кодексине ылайык, кармалган жаранга айып пул салынган.