Түркиядагы жардыруудан каза тапкандардын арасында кыргыздардын бар же жок экени азырынча белгисиз. Кыргыз мамлекетинин тийиштүү органдары каза болгон жарандардын аты-жөнү тууралуу Түркиянын расмий органдары маалымат бербей жатышканын кабарлоодо. ТИМ учурда Түркиянын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкармалыгынын тышкы байланыш бөлүмүнөн маалымат күтүүдө.
Эскерте кетсек, 13-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:45 чамасында Анкарадагы аялдамада жардыруу болду. Кырсыктан 34 адам каза таап, 125тей адам жаракат алганы, 19 адам оор абалда экени жарыяланды.
Быйыл 17-февралда да Анкара шаарында катуу жардыруу болгон. Анда 30дай адам каза болуп, 60тайы жаракат алган.