Чүй облусунда чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылында чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен 37 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылган. Текшерүү маалында аялдын денесинен ур-токмоктон калган тактар аныкталган.

Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашап келген 33 жаштагы ошол эле айылдын П.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан