Борбордогу "Ош базарында" жайгашкан акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылган жана ок чыгарган 2 жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ саат 08:30 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын жанында болгон. Анда акча алмаштыруучу жайга акча алып келаткандарга кол салуу болуп, Чүй облусунун М.Т. аттуу тургунунун колуна ок тийип, баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча материалдар чогултулуп, учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жүрүүдө.