Ысык-Ата районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 14-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-март күнү милицияга арыз менен 44 жаштагы Н.Т. аттуу Дмитриевка айылынын тургуну кайрылган. Ал 3-март күнү саат 14:00 чамасында аталган айылдан Мерседес үлгүсүндөгү унаанын ичинен Ашур аттуу жигит 16 жаштагы кызын зордуктап койгонун билдирген. Бул факт боюнча “зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ак-Жар айылынын Х.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.