ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте көп кабаттуу үй талапка жооп бербеген курулуш материалдары менен курулууда

Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине талапка жооп бербеген курулуш материалдары колдонулууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

Окурман имараттын дубалын тургузууга пескоблок, пеноблок, шлакоблок деген материалдар пайдаланылып жатканын айтып, "Мындай курулуштун сапатына кимдер кепилдик беришет?" деген суроо коюуда. Ал тийиштүү органдардын мындай курулуштарды текшерүүсүн талап кылууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Zubi91
2016-03-14 13:32:22
Ош шаарында да 16 кабат уй жаракасы чыгып чонойоп кетиптир эч ким жашабай жатат.Болбосо ал уй ремонту тоолук буткон эле,бул уйду дагы ушундайында токтотсо жакшы болмок
-2
cico
2016-03-14 13:33:06
Стройкадан тушунову экен кавар жоноткон адам аны газастликат деп коет ал женил анан жылуу болгондуктан европа мамлекеттпри ошону колдонушат кыргызстан дагы 3-4жыл болуп калды колдоно баштаганыга.
+5
Rifle_3
2016-03-14 20:07:55
cico,толтура ката менен жазгандан көрө, төрт сөздү туура жазган жакшыраак окулат. Автор пескоблок, шлакрблок, пенаблок эмне экенин билбейт окшойт.
0
azamat.95
2016-03-14 13:51:03
эмне текшерип чыгыппы? Бойроктон шыйрак чыгара берген да болбойт да...
+2
A3A
2016-03-14 14:31:03
Пескоблок менен эле курулат баардык жерде
+2
Rifle_3
2016-03-14 20:08:14
A3A,пескоблок менен курулбайт.
0
bazar
2016-03-14 14:37:24
Негизги кабыргасына (моналит)бетон жакшы сапатта тургузулса, каптоо иштери, газаблок, пенаблок, пескоблок, гипсблок, же жөн гана кызыл кыш менен деле каптап койот. Бишкек эмес Москвада деле ушундай эле куруш иштери болуп жатат
+3
Arslan12
2016-03-14 14:44:30
Сейсмология жагы Бишкек менен Москваныкы эки башка, салыштыруу болбойт!
0
bazar
2016-03-14 15:53:58
Arslan12,Москвада жер жумшак, оор салмак батып кетиши мүмкүн. Свай кагып анан бетон куйулат.
0
Ayzber-82
2016-03-14 18:41:24
Сен озу стройканы тушуносунбу.Ал деген балкон.Балконго атайын ошондой женил материалдар колдонулат.
0
anargazy
2016-03-15 09:48:55
Суроттогу материал бул газобетон газоблок,сапаты эн сонун орусяда азыр жалан ушундан куруп атышат,бардык экспертизадан откон ,женил жылуу тез бутот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан