12-мартта Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Булак айылында акын, котормочу Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына арналган марафон орун алды. Акындын кызы Нургүл Кожомбердиева билдиргендей, иш-чара анын айылдаштары тарабынан уюштурулду.
Маалым болгондой, анда 3 боз үй тигилип, биринде көргөзмө уюштурулуп, эки боз үйдө конокторго дасторкон жайылды. Иш-чарага айыл тургундары, Кыргыз Эл жазуучулары Төлөгөн Мамеев, Мелис Абакиров, Гүлсайра Момунова, драматург Меңди Мамазаирова, балдар акыны Жылдыз Акаева, акындыр Надырбек Алымбеков, Бүбайша Арстанбекова жана башкалар катышты.
Иш-чаранын алкагында уюштурулган марафонго 500дөн ашык адам катышты.
Кошумчалай кетсек, Турар Кожомбердиев балдар үчүн жазылган чыгармалары, китептери менен таанымал. Ал 1941-жылы туулуп, 1989-жылы көз жумган. Акындын айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган. Буга катар анын 70тен ашуун ырына обон жазылган.