Мектеп окуучулары арасындагы республикалык олимпиада жыйынтыкталды

Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында өткөн республикалык олимпиаданын жыйынтыгы чыкты. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, ага 7 облустан келген 322 окуучу катышып, анын ичинен 102 окуучу жеңүүчү аталды. Жалпы жыйынтык боюнча Бишкек шаары 46 упай алып 1-орунду ээледи. Ош облусу 33 балл менен 2-орунду алса, 3-орунга 26 балл менен Жалал-Абад облусу ээ болду. Эске сала кетсек, олимпиада 23-24-март күндөрү 10 сабак боюнча өттү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Билим берүү жана илим министри Канат Садыков катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан