Таиландда кагаздан жасалган миңден ашуун панда жолго чыкты

Таиланддын так борборунда 1600 панда пайда болду. Бул өзгөчө арт-долбоор француз сүрөтчүсү Пауло Грангеонго таандык. Андагы ар бир панда кагаздан колго жасалып чыккан. Бул тууралуу "Metronews.ru" сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Таиланддын башка аймактарын 24-мартка чейин "саякаттап чыгат". Сүйкүмдүү кичинекей пандалардын тобу адамдын иш-аракеттеринин натыйжасында бул жаныбарлар жашаган аймакта жок болуп бара жатканынан олуттуу кабар берет. Сүрөтчүнүн айтымында, 1600 саны да бекеринен эмес, дүйнөдө 1600 чыныгы панда калган.

Пауло Грангеондун бул көрсөтүүсү алгачкысы эмес. Көргөзмө буга чейин Париж, Рим, Берлин жана башка ири шаарларда коюлган. Ушундай өзгөчө жол аркылуу сүрөтчү жаратылышты сактоого, жоголуу алдында турган жаныбарларды коргоого көңүл бурууну максат кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Мэри
2016-03-14 15:49:46
Сооонун го...
+4
aipo89
2016-03-14 16:14:23
Томпойгондор десе,мынча жакшынакай!
+2
AlbertEnshtein
2016-03-14 17:09:38
Папье маше ыкмасы менен жасалган бы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан