Ош шаарынын 46 жаштагы тургуну досу менен мушташа кетип, аны өлтүрүп койгонун мойнуна алды

Ош шаарында "спирт ичимдигин ичип отурган жеринен өз досун өлтүргөн" деген шек менен аталган шаардын 46 жаштагы тургуну кармалганын 14-мартта Ош ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 12-март күнү Ош шаарынын 46 жаштагы тургундары М.А. жана М.С. спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Натыйжада М.С. бычак менен досунун ич тарабына бир нече жолу сайып өлтүрүп койгон. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү М.С. кармалып, күнөөсүн моюнуна алган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан