Ошто тоноочулук фактысына шектелип жергиликтүү тургун кармалды

Ош шаарында тоноо фактысына шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралу бүгүн, 14-мартта Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Масалиев көчөсүндө жайгашкан соода борборунан белгисиз адам 10 500 сомго бааланган 3 көйнөгүн тартып алганын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 32 жаштагы А.Каримов аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан