Чүй облусунда "бычак менен коркутуп, тоногон" деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунда "бычак менен коркутуп, тоногон" деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кайыңды шаарынын тургуну кайрылган. Ал 28-февраль күнү Панфилов аймактык ооруканасынын Наркология борборунда каттоодо турган адам анын кабылдамасына келип бычак менен коркутуп, 1000 сомун алып кеткенин айткан.

Бул факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 11-март күнү 33 жаштагы Кайыңды шаарынын мурда соттолгон тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан