Бишкекте күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган келиндин иши боюнча соттук отурум 24-мартка жылдырылды

Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча биринчи соттук отурум болмок. Соттук отурумга айыпталуучунун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 24-мартка жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-мартта Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 26 жаштагы С.Айдай 2015-жылдын 18-августунда кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин аны жиликтеп салганын билдирген. Кылмышка шектүү 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөнү маалым.

Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
radyakiz
2016-03-14 17:28:36
Ушундай оор кылмыштарды да кечке жылдырса боло береби
+5
Dadasdasd
2016-03-14 17:32:40
Куткарам деп акчасын соруп анан камап салат.
+4
japardos
2016-03-14 17:52:41
Тооба десе ушундайда болобу мынча мыкаачы болбосо
0
sabyr86
2016-03-14 18:19:40
Жактоочу келбей койгону үчүн жоопко тартыла турган мыйзам барбы жэ боло береби?
+1
Guligo.92
2016-03-14 19:16:08
Тооба кантип колу барды:《
0
Gulya21
2016-03-14 20:08:59
Ушу силерди сотунар качан жылдырганды токтотот качан эле карасан жылдырылды дейт
+4
Arslan12
2016-03-14 20:29:28
Эмнеге келбейт жактоочусу да жактагысы келбей жатат, прокурор сураган жазаны берип соттоп жибериш керек!
+1
33SUUN
2016-03-15 04:04:36
Сотко акчаны бере берсен эмне кылышын билбей жылдыра берет сот чечимин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан