Борбор калаада уурулукка шектелип 33 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 22 жаштагы М.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 19:30 чамасында "Ош базарынан" белгисиз адамдар 13 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 33 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.