Борбордук Африка өлкөсүнүн президенти Франсуа Бозизе өлкөдөн качты

Борбордук Африка өлкөсүнүн президенти Франсуа Бозизе 23-мартта өлкөсүнөн качып кетти. Жергиликтүү маалымат булактары жарыялагандай, “Селека” коалициясынын көтөрүлүшчүлөрү өлкөнүн борбору Банги шаарын басып алган соң, мамлекет башчысы качып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда өлкөдө талап-тоноочулук болуп жаткандыгы айтылууда. Айта кетсек, аталган өлкөдө 2013-жылдын 11-январында оппозиция тарап менен бийлик 12 айдын ичинде кезексиз парламенттик шайлоо өткөрө тургандыгы тууралуу келишим түзүшкөн. Бирок буга карабай көтөрүлүшчүлөр толкуп чыгышып, баш аламандык жасашууда. Бозизе өзү 2003-жылы ыңкылаптын арты менен президент болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан