* Мындан 87 жыл мурун, 1929-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин обонун жазгандардын бири, композитор, дирижёр Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1987-ж.), Кыргыз ССРинин Эл артисти (1974-ж.) Насыр Давлесов Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. 1956-жылдан баштап К.Орозов атындагы Кыргыз улуттук аспаптар оркестринин башкы дирижёру, 1983-1985-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп эмгектенген. Анын жетекчилигинде даярдалган концерттик программалар Канадада, Сирияда, Эфиопияда, Данияда, Швейцарияда жогору бааланган.
* Мындан 22 жыл мурун, 1994-жылы обончу, акын Жумамүдүн Шералиев 79 жашында оорудан улам көз жумган.
Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген.
Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти наамы" ыйгарылып, Ардак белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган.
* Мындан 72 жыл мурун, 1944-жылы “Даңазалуу кылым” сериалында Сулейман султандын энесинин ролун аткарган түрк актриса Небахат Чехре Кара деңиздин жээгиндеги Самсун шаарында төрөлгөн. 15 жашында “Түркия периси” наамын алгандан кийин фотомоделдик кесипти аркалай баштаган. Актриса көпчүлүккө “Тыюу салынган сүйүү” сериалынан таанымал болгон.
* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы легендарлуу актриса Элизабет Тейлор биринчи жолдошу Ричард Бёртонго турмушка чыккан. Ричард Бёртон менен болгон сүйүү романы "Клеопатра" тасмасы тартылып жаткан учурда башталган. Анда Ричард Марк Антонионун ролун аткарган. Экөөнүн тең өмүрлүк түгөйлөрү бар болгондугуна карабай (актриса анда төртүнчү күйөөсү Эдди Фишер менен жашап жүргөн) ачыкка чыгышкан. Тейлор Ричард тууралуу "биздин эң негизги кемчилигибиз – бири-бирибизди катуу сүйгөндүгүбүздө" деп айткан экен. Элизабет Тейлор Ричард Бёртон экөө 10 жыл бирге жашап, 11 тасмага чогуу тартылышкан. Ричард ичкиликке катуу берилип кеткендигинен улам алар мыйзамдуу түрдө ажырашууну чечип, бирок экөөнө тең жашоо кызыксыз болуп, бир жылдан соң кайра табышышат. Бирок баары бир чогуу жашай албаганын сезишип, Элизабет сүйүктүүсүн биротоло коё берүүнү чечет да, кийин сенатор Жон Уорнерге турмушка чыккан.
15-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.