Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды

Борбор калаада тоноочулукка шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы М.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 13-март күнү саат 01:00 чамасында Фучик жана Лесхоз көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам аны сабап, уюлдук телефонун жана 2000 сомун алып кеткенин билдирген.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KANAT85
2016-03-15 08:20:51
Оббоо таң атпай........
+1
Jigittin_gulu
2016-03-15 09:42:21
Эмне деген заман болуп баратат!?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан