"Борбор калаадагы базарлардын биринен баш кийимдерди уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

"Борбор калаадагы базарлардын биринен баш кийимдерди уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 13-март күнү саат 15:00 чамасында "Ош базарындагы" “Кыял” соода борборунан белгисиз адам 8 даана баш кийимин уурдап кеткенин билдирген. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Бишкек шаарынын М.З. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sekret94
2016-03-15 09:09:12
жаш экенго бала.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан