Жалал-Абадда "бир тууган эжесинин небересин өлтүргөн" деп айыпталып жаткан аял 3 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абадда "бир тууган эжесинин небересин өлтүргөн" деп айыпталып жаткан аял 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 15-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылдын сентябрь айында Ы.Истамбаева аттуу жаран өзүнүн бир тууган эжесинин 8 жаштагы небересин тарбиялоого алган. Кызды Карача айылынын №8-орто мектебине киргизип, өз балдары менен чогуу багып жаткан.

7-декабрь күнү болжол менен саат 21:00дө Истамбаеванын өзүнүн балдары арызданышып, ал кыз сабактарын жазбай жатканын айтышкан. Ошол маалда мас абалындагы күйөөсүнө ачууланып жаткан Истамбаева бөлмөнүн ичинде турган жыгач таяк менен бир канча жолу кыздын башына, колуна урган. 8-декабрда кыз окууга бара жатканда жыгылып калган. Ооруканага жеткирилгенден кийин кыз каза болгон.

Факт боюнча Ы.Истамбаеванын үстүнөн “денеге атайын залал келтирүү менен байкабастан жабырлануучуну өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен 29-февраль күнү айыпталуучу 3 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечими менен макул болбогон тарап Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Кылмыш ишин облустун соттук коллегиясы караган соң, ага карата юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Izdeim_seni.
2016-03-15 09:59:34
Кой уурдагандай эле кесиптир да
+2
sagyn01
2016-03-15 10:08:34
Izdeim_seni.,кой эмес тоок, болбоду дегенде 10 мин когунон бергенго
+1
Arslan12
2016-03-15 10:33:12
Кандай абийрсиз сот ушундай да боло береби?!
+4
amanatym
2016-03-15 11:55:24
олтургону чын болсо Киши олтургондой бербейби жазаны же соттобой эл койбоптур
0
diaz
2016-03-15 11:59:31
Байкуш кесилиптирда ее уйдо емес мектепке бара жатканда кызы урган екен озу апасы мойнуна алган
-1
Svoboda83
2016-03-15 14:12:42
diaz,эмне деп эле жазып койдун?камалган кылмышкерди байкуш деп адашасын!!!
0
AlbertEnshtein
2016-03-16 06:04:15
Svoboda83, мектепке баратып жыгылып олбойт да жаш эле бала. Машина сузьосо, туз эле баратып. Айыптылуучунун кызы жолдо урган экен, ошодон каза болуп, айыпты апасы мойнуна алыптыр. Бирок чын эле бала тарбиялай албаган, камкор боло албаган озу куноолу. Эми жооп берсин.
0
Svoboda83
2016-03-15 14:16:06
Жок дегенди минимум 30 жылга кесилиш керек мындай кылмышкерлер!!!!!!
0
Sezim.A
2016-03-15 14:30:53
Тооба ,менин айылымда болуптур.Жаткан жери жайлуу болсун.Наристелерге кыйын болду.Айылдын аты Карач эмес Карача.
0
samira8589
2016-03-15 14:53:17
Уч эле жылбы,бала бойго жетип калган болсо
0
konsilium
2016-03-15 16:44:14
Адам олтуруп атса уч жыл бергени эмнеси
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан