Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Павара айылында жергиликтүү тургундар эки иттин үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Өлкөдө мындай той биринчи жолу эмес болсо да, бул жолку окуя көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Андыктан 5 миңден ашуун адам кызыктуу жана өзгөчө көрүнүштү көрүү үчүн келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 14-мартта жазып чыгышты.
Анда Индиянын элинин тиешелүү каада-салты сакталып, "күйөө бала" атайын гүлдөр менен жасалган унаада келген. Соңунда тойго деп даярдалган торт берилген. Ал эми түшкөн каражаттын баары үйсүз калган иттердин фондуна жумшалат.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары мындай жөрөлгөлөр Индияда эле эмес, Малайзия, Австралия жана башка бир нече өлкөлөрдө уюштурулууда.