Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда турак жайдын 187 чарчы метр чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Ворошилов көчөсүндө жайгашкан турак жайдын аянты 187 чарчы метр, жыгач устундуу, темир жабылган чатыры, кир жуугуч машина, 10 чарчы метр пластик шыбы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан