Борбордогу Ленин райондук администрациясынын социалдык бөлүмүнүн кызмат адамдары жашы жете элек кызга тийиштүү үйдү күрөөгө коюп, насыя алганга жол беришкени үчүн аларга карата кылмыш иши козголду. Муну 15-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган бөлүмдүн жогорку кызмат адамдары Балдар кодексинин талаптарын бузуу менен И.Д. аттуу аялга 300 миң сом насыя алууга жол беришкен. Тагыраак айтканда, И.Д. аттуу аял жашы жете элек кызына катталган үйдү күрөөгө коюп, насыяга 300 миң сом алган. Ал насыяны кызына тийиштүү үйдүн ичиндеги жашоо шартты оңдоо үчүн алып жатканын билдирген, бирок акча каражатын өз кызыкчылыгына жумшаганы аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.