Бишкек шаарында уруштан улам жаш жигит 69 жаштагы кишини бөтөлкөнүн сыныгы менен сайып салды. Оор жаракаттан улам ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-мартта саат 11:09 чамасында борбордогу Ставрополь көчөсүндө орун алган. Анда үйүнө бараткан 69 жаштагы шаар тургуну менен 3 жигиттин ортосунда уруш чыгып, алардын бири күч колдонуп, бөтөлкөнүн сыныгы менен кишинин ичине сайып салган. Жабырлануучу көп кан жоготуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, тез арада ооруканага жеткирилген.