Борбордогу акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылып, ок чыгарган жарандар табыла элек

Борбордогу "Ош базарында" жайгашкан акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылып, ок чыгарган жарандар табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.

"Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда. Издөө иштери азырынча өз натыйжасын бере элек", - деди О.Казабаев.

Айта кетсек, окуя 13-март күнү саат 08:30 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын жанында болгон. Анда акча алмаштыруучу жайга акча алып келаткандарга кол салуу болуп, Чүй облусунун М.Т. аттуу тургунунун колуна ок тийип, баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча материалдар чогултулуп, учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан