Орусиянын Стерлитамак шаарындагы турак жайлардын бири өрттөнүп, 12 адам каза тапты, арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен саат 05:10 чамасында Тукаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Өрттөнүп кеткен үйдүн ичинен 12 адамдын жансыз денеси табылган. Учурда окуя болгон жерде эксперттик-криминалисттик лабораториянын кызматкерлери иш алып барып, каза болгондордун өздүгүн жана өрт эмне себептен улам чыкканын аныктап жатышат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөнүп кеткен үй 31 жана 53 жаштагы эки адамга тийиштүү.