Быйыл Ысык-Көлдөгү экологиялык өткөрмө бекетинен 20 миллион сом чогултуу пландалууда

Бүгүн, 25-марттан баштап ишке кирген Ысык-Көлдөгү экологиялык өткөрмө бекетинен быйыл 20 миллион сом чогултуу пландалууда. Бул маалыматты Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-мартта айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамов билдирди. Маалыматка таянсак, аталган жайдан 2011-жылы 8,6 миллион сом, 2012-жылы 11 миллион 98 миң сом жыйналган. Быйыл топтолчу каражаттын 10 пайызы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык фондго, 20 пайызы жергиликтүү бюджетке, 40 пайызы Ысык-Көлдү тазалоо, браконьерлер менен күрөшүү иш-чараларына жумшалат. Ал эми 30 пайызы экологиялык өткөрмө бекетинин кызматкерлеринин маянасына сарпталат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан