Бишкекте эки улгайган адамды унаа сүзүп кетти. Анын бири 95 жаштагы кемпир

“Тез жардам” кызматынан билдиришкендей, 14-март күнү Бишкекте 5 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки улгайган адам оор жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.

Маалым болгондой, саат 12:42 чамасында Бишкектин Совет чолок көчөсүндө айдоочу 95 жаштагы кемпирди унаасы менен сүзүп кеткен. Ал көптөгөн оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Ошондой эле болжол менен саат 8:14тө Абдрахманов көчөсүндө болгон жол кырсыгынан 63 жаштагы адам көптөгөн жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
perichte
2016-03-15 20:43:53
кудай сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан