Чүйдө "айылдашын таш менен уруп, бир көзүн көр кылып койгон" деген шек менен кармалган жаран 6 жылга камалды

Чүйдө "айылдашын таш менен уруп, бир көзүн көр кылып койгон" деген шек менен кармалган жаран 6 жылга камалды. Бул тууралуу 15-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 4-июлунда саат 22:00 чамасында 31 жаштагы М.К. аттуу жаран мас абалында Жайыл районунун Кара-Суу айылында жайгашкан дүкөндүн жанынан айылдашы Ш.Д. менен уруша кеткен. Урушуп жатып М.К. таш менен досунун оң көзүнө уруп жиберген. Натыйжада жабырлануучу оң көзүнүн көрүүсүнөн ажыраган.

Бул факт боюнча “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары М.К. атуу жаран кармалган. 2015-жылдын 14-октябрында Жайыл райондук сотунун өкүмү менен кылмышка шектүү жаран күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин шарттуу соттоо негизинде жаза өтөөсү шарттуу деп эсептелип, эки жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Өкүмгө макул болбогон жабырлануучунун жактоочусу кассациялык арызы менен Чүй облустук сотуна кайрылган.

2016-жылдын 3-февралында Чүй облусунун соттук коллегиясы иштин жагдайларын карап, тараптардын ой-пикирлерин угуп, Жайыл райондук сотунун өкүмүн бузуп, "жазык иши ошол эле сотко жаңыдан кароого жөнөтүлсүн" деп аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sagyn01
2016-03-15 15:17:07
Жана баланы уруп олтуруп койгон 3 жылга камалды , бул бир козун кор кылып койгон 6 жылга кесилсе, просто тушунуксуз, акча акча жана акча
+3
KANAT85
2016-03-15 17:43:09
sagyn01,туура айтасын. Булардын беттери бетемес илинип турган эт.
0
samira8589
2016-03-16 04:28:14
KANAT85,сиздики да туура
0
samira8589
2016-03-16 04:27:51
sagyn01,туура айтасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан