Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгондорду башка соттолгондордон бөлүп кармоо боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, экстремизм жана анын бир топ коркунучтуу формасы – терроризм мамлекеттик жана коомдук иштердин бардык тармактарына кирип кетүүгө жөндөмдүү болгон эл аралык уюшкан кылмыштуулуктун түрүнө айланды.
"Экстремисттик диний агымдарды камтыган адамдар жана террористтик кылмыштары үчүн соттолгондор эркинен ажыратылган жайларда өзгөчө активдүүлүк көрсөтүшөт. Бир жагынан өздөрүнүн жүрүм-туруму менен соттолгондордун негизги тобуна каршы туруп, оор кылмышка алып келүүчү этностор аралык чыр-чатактарды жаратып турушат. Экинчи жагынан билим деңгээли жогору болуп, экстремисттик багыттын өкүлдөрү радикалдуу идеологиясы менен камактагылардын көбүн тартып кетүүгө жөндөмдүү келишет. Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор укук бузуу чакырыктарына үгүттөөгө шыктуу жакшы психолог болушат",- деди өкмөт өкүлү.
Аталган мыйзам долбоорунда экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгондорду башка соттолгондордон бөлүп кармоо сунушталат. Ошону менен бирге Жазык-аткаруу кодексинин ченемдеринде эркинен ажыратууга соттолгондордун жазасын өтөө үчүн жалпы, катуу, күчөтүлгөн жана өзгөчө режимдердеги түзөтүү мекемелери белгиленген.
Комитеттин мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты. Эми бул документ парламентте жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.