Борбордогу дүкөндөрдөн жалпы суммасы 4,5 миң сомду түзгөн шоколаддарды уурдоого шектелип 43 жаштагы жаран кармалды

Борбордогу дүкөндөрдөн жалпы суммасы 4,5 миң сомду түзгөн шоколаддарды уурдоого шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 16:10 чамасында белгисиз адамдар соода борборлорунун биринен 2390 сомго бааланган шоколаддарды уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 43 жаштагы У.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу башка уурулук фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ss90
2016-03-15 23:06:16
Тоубаааа...ал кандай шоколад болду экен коргум келип жатат...
0
bolotbek91
2016-03-16 04:03:52
Жегиси келгенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан