Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 39 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын ноябрь айында анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 95 700 сомго бааланган зер буюмдарын алып, акчасын бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.