Бишкек-Ош трассасына дагы 3 тоннель курулат

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 15-мартта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, япониялык агенттик Ош-Баткен-Исфана жолунун жана Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринин курулушуна 116 миллион 470 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Насыя 0,1 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт экени айтылды.

Насыяга Бишкек-Ош жолунун айрым кооптуу тилкелеринде кулаган таш жана көчкүдөн коргой турган галереялар да курулары маалымдалды. Мындан тышкары узундугу 700, 200, 100 метр болгон үч тоннель тешилет. Кайсы жерлерге курулары тууралуу кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан