16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өлкөнүн улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна даярданып жатат. Машыгуу сборунун алкагында өспүрүмдөр курамасы кечээ, 14-мартта “Абдыш-Ата-99″ командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Команданын машыктыруучусу Самат Сүймалиев кабарлагандай, оюн жогорку чыңалуу астында өтүп, командалар топ талашты көбүнчө майдандын борбордук бөлүгүндө өткөрүштү. Эки командада тең гол жаратууга жетиштүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу 15-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта Индияда өтөт. Футболчуларыбыз бул мелдеште кайсы тайпада ойной турганы 4-майда ташталчу чүчү кулактын жыйынтыгында белгилүү болот.