Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу башынан оор жаракат алып, эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жабыркаган айым жөө адамдар өтүүчү жолдо бараткан. Айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып унаасын токтотууга аракет кылган, бирок үлгүрбөй калды. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишти. Жөө жүрүүчүлөр жолдон өткөндөн коркуп калышты, себеби айдоочулар жөө адамды өткөрүүнү каалашпайт же күткүсү келишпейт. Кырсык саат 16:25 чамасында болду",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.