ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Мындан 14 жыл мурун Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болгон

* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы обончу Исирадин Аманбаев Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Исирадин Аманбаев 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган. Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси берилген.

* Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болуп, 5 адам каза тапкан. Аксы окуясы Курманбек Бакиев башында турган өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келген.

* Мындан 99 жыл мурун, 1917-жылы "Maybelline" компаниясы кирпик үчүн тушь чыгарып, аны “көздөрүңүз үчүн биринчи заманбап косметика” деп жарыялаган. Алгач кирпик боёктун негизи вазелинден турган, ал эми боёочу каражат катары жыгачтын күлү колдонулган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы көптөгөн соода маркаларынын жүзүнө айланган америкалык актёр жана фотомодель Брайан Лео Бьянкини оор депрессиядан улам өзүнө өзү кол салган.
Брайан Лео Бьянкини 1978-жылы 16-июлда Сан-Францискодо туулган. Бала кезинде спорттун күрөш түрү менен машыгып, көптөгөн таймаштарга катышып жеңүүчү болгон. Колледжди аяктаган соң моделдик бизнеске аралашып, "Reebok", "Versace", "Abercrombie & Fitch" сыяктуу соода маркаларынын жарнамаларына тартылган. Ошондон улам атактуулугу арткан модель "Vanity Fair", "Glamour", "Cosmopolitan", "Playgirl", "Мen’s Fitness" ж.б. журналдардын биринчи беттерине чыккан. Ал эми 2000-жылы актёрдук карьерасында дебют жасап, "Девушка для девушки" тасмасында роль жараткан.

* Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы Польшанын Тересполь шаарында Москва-Ницца каттамы менен бара жаткан поездде аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган француз жараны кармалган. Анын аялы Орусиянын жараны болгон. Аялы үчүн шенген визасын ала албаган соң, аны чемоданга салып өтүүнү чечкен. Тересполь шаарындагы чек ара отрядында жүргүнчүнүн чоң чемоданы шек жаратып, текшерүүгө алынган. Чемодандын ичиндеги айым өзүн жакшы сезгендиктен, медициналык жардамга муктаж болгон эмес. Польшанын мыйзамына ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылганы үчүн жубайлар 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон.

16-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан