Бишкекте уурулукка шектелип 24 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Р. Д. аттуу айым кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, өздүк буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Б.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнүн бул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар экени маалым болду. Келтирилген чыгымдын суммасы 4,5 миң сомду түзүүдө. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.