Борбордо "алдамчылык жолу менен 3 унааны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

Борбордо "алдамчылык жолу менен 3 унааны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы Чүй облусунун тургуну кайрылган. Ал М.Ж. аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен Тойота-ЛХ 470, Хонда Авансер жана Опель Зафира үлгүсүндөгү унааларын "сатып берем" деп тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы М.Ж. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан