Орусиянын Курган облусунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран 16 жылга эркинен ажыратылганын 16-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 2015-жылдын апрель айында кыргыз жараны казак чек арасынан Орусияга 1 килограммдан ашуун героинди өткөрүүгө аракет жасаган. Айыпталуучу баңгизатты кеңейтме столдун тактайынын астына катып, аны автобустун айдоочусу менен Екатеринбург шаарына жөнөтүп койгон. Аталган фактыга шектүү катары кыргыз жараны Бахрам Ахмеджанов кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча Курган облустук соту Ахмеджановду күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратты.