Таш-Көмүр шаарында 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана изделүүдө (фото)

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Теңдик айылынын тургуну, 2003-жылы туулган Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кечээ, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кызды издөө иштерин жүргүзүп, 15 чакырым аралыктагы Нарын дарыясынын жээгинен, бүтө элек үйлөрдүн ичтеринен, адырлардан жана сайлардан издешкен. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган. Ал эми бүгүн издөө иштери улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
konsilium
2016-03-16 10:12:51
Бул да биздин эрке кыздарыбыздын кезектеги пиары болуп аман,эсен уйуно кайтып келсе экен
+1
begai93
2016-03-17 16:35:35
konsilium,ошондой болсо гана... бирок бул жааш кыз пиар дегенден кабары жок.уйдон уруш угуп чыгып кеткен деген создор бар. Эмнеси болсо да аман болсун (((
0
aikokul14
2016-03-16 10:40:02
Кандай болгон кундо дагы эсен аман табылып калсын.
0
tyrgon
2016-03-16 11:39:40
Суроту жокпу?
0
begai93
2016-03-17 16:34:26
Менин айылдашым ((( до сих пор табыла элек эсен аман табылып калсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан