Бир аптада 12 жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус каттамдан чыгарылган

11-марттан 22-мартка чейин техникалык талаптарга жооп бербеген 12 жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус каттамдан четтетилди. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча ар дайым иш жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты жаатында да текшерүүлөр болуп турат. Каттамдан четтетилген унаалар кайра калыбына келтирилген соң каттамга кошулууга уруксат берилет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан