Бишкекте 11 жаштагы кызын сабаган жаранга кылмыш иши козголду, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Октябрь райондук прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга борбордогу №3-балдар ооруканасына атасы тарабынан сабалган кыз келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп, анын алкагында 45 жаштагы С.Н. аттуу жаран 11 жаштагы Н.А. аттуу кызын сабап койгону аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилген. Бул факт боюнча кечээ, 15-мартта Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кызын сабаган жаранга карата "жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо" беренеси менен кылмыш иши козголду.