Бүгүн, 25-мартта ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинде депутат Курманбек Дыйканбаев Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккен 540 үй-бүлө жардам күтүп жатканын билдирди. Эл өкүлү 2 айдан бери өкмөт тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтты. Каржы министри Ольга Лаврова бул маселени өкмөт жыйынында козгой тургандыгын билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эмдигиче чара көрүү сунушу түшө элек. Өз кезегинде депутат Ахматбек Келдибеков бул маселеге байланыштуу өкмөткө кайрылуу жолдой турганын билдирди.