Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз видеокамерадан бир айда 30 миллион сом акча түшөт

"Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз видеокамера бир айда болжолдуу түрдө 30 миллион сом акча таап коëт",- деди ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев 16-мартта өткөргөн маалымат жыйынында. Ал акчага ай сайын 8 видеокамера сатып алууга болот.

"Аталган видеокөзөмөл бир күндө айыбы 1 миллион сомго тете болгон жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды тартып калууда. Алардан түшкөн каражаттар жеке бир компанияга эмес, мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Бул нерсе жаңы долбоордун эффективдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт. Ал акчага ар бир айда 8 камера сатылып алынса, шаардын башка бөлүктөрүнө да ушундай жабдыктарды койсок болот",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nurik2103
2016-03-16 12:56:11
жомокту айтып жаткандай менимче, анда 100 камера орноткула айына уч милиярд акча тушуп турат!
+5
Deniza88
2016-03-16 12:59:13
nurik2103,жок бул жомок эмес, авторынок жакта видеокамера бар, машина кимге катталган болсо ошол адамдын наамына, ошол адрес менен штраф квитанция келет. Бул бир чети жакшы го, а то солидарность деген азыр эч кимде калбай бараткандай. Эгер бут шаарга коюшса Озун эле жол эрежени бузбай каласын.
+8
ediko85
2016-03-16 13:36:26
Биринчи очередь жолдорду ондоп полосаларды корунуктуу кылып сызып андан кийин орнотсонор эчким каршы чыкмак эмес тамтыгы чыккан жолдордо камера турса кулкунда келетта....
-3
Taalai94
2016-03-16 13:44:46
Ошондо саатына 41666 сом иштеп койот екен хехе)))
0
Kymyzkyz
2016-03-16 15:11:45
Ушундай иштер ооздон чыккан бойдон унутулуп калбай иш жузуно ашса онугуп эле кетмекпиз. Ушундай жакшы жанылыктарды окуп калсам ишенчээк жаным эртен орундалып калчудай аябай суйунуп алам да,анан эле качан жанагы айтканы ишке ашат экен ээ деп куто берем.
0
macho-m90
2016-03-16 16:00:59
ал жерде андай камера бар деп ойлобойсун мага бугун штраф келди карасам 1000 сомду жазып коюптур корсо рекламный шиттин астында турат экен да байкабагандар билбейт
0
Chubak3922
2016-03-16 16:13:11
Ар бир айдочу бузат экенда жол эрежесин . Эдико85 туура айтат жолду талапка жооп бергендей кылса эчким каршы эмес . ойлонбой иш кылгандары өкүндүрөт
0
aziziko
2016-03-16 17:31:34
Ушул кыргыздар ат менен эле журолучу машина айдоо маданиятын билбегенден кийин коп кишинин убалына калып атасынар . Машинанын деле тамак жегендей озунун машина айдоо маданияты болот
+1
kamyr26
2016-03-16 18:34:38
Казакстанда камералар коп гаилер бир жылда топтогон акчаны камера бир жумада топтоп казынага тогуп койуптур сыналгыдан коргонумду айтып жатам бул чындык
0
Kroxa
2016-03-16 19:17:20
Туура койуш керек эреже бузгандар коп бир-Эки жолу толоп анан правиланы сактайт эле жол жаман деп правиланы сактабай койсо болобу?эн туура корунуш жолун жаман болсо ошондон тушкон акчага жол онолот гаинин колуна бергиче Банкка толо...
0
magnat1013
2016-03-17 02:08:01
Ошко да керек, а то адамдар правиле эмне экенин билишпейт, жоо жургунчулор да, водительдер да кызыл тусту билишпейт
0
aibekkk
2016-03-17 02:25:28
калыптыр булар озунун чыныгы максатыны айтып койду камералардын негизги максаты жол эрежени бузгандарды азайтуу а булар суйунуп отурат бир айда мынча акча тушот деп бул суйуно турган нерсе эмес булар кайра ыйлашы керек а булардын максаты элден акча чогултуу экенин оздору сезбей айтып койду
+2
buduz-80
2016-03-17 09:32:56
Ошол жерде "камера тартып жатат" деген жазуу барбы,жээ акырын байкатпай тарта береби,если байкатпай тарта берсе анда буулар эптеп эле элди алдап акча чогултмай болуп закон бузууга барып жатат,светофордун жанынан кайсы жерге токтой турган сызык жок болсо,кайсы жерден тартат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан