Бишкек шаарында "3700 долларын тартып алган" деп алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал чала таанышы ишенимине кирүү менен 3 жыл мурун алган 3700 долларын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы Ж.И. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.