Ишеним кат менен унаа сатып алган айдоочулар ага карата салынган айып тууралуу каттардан кабары жок жүрө берип, унаасынан айрылып калуусу мүмкүн. Муну бүгүн, 16-мартта журналисттерге ИИМдин башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө катталган унаалардын 67-70 пайызынын айдоочулары генералдык ишеним кат менен жүрүшөт.
"Жолдоо жүрүү эрежесин бузган айдоочуга айып анын унаасы кимге катталган болсо, ошого барат. Мисалы, унаа Баткенде жол эрежесин бузуу боюнча тизмеге катталган болсо, бирок анын анык ээси Бишкекте болсо, айып тууралуу билдирүү борбордогу дарекке барат. Аны төлөбөй койгон ээсине бир айдан кийин туум жазыла баштайт. Айыпты 5 жыл ичинде жаппай койгон маалда Баткенде жүргөн унаа конфискация болот. Ошондуктан айдоочулар айдап жүргөн унаасын тезинен өзүнө каттатуусу зарыл",- дейт Абдыжалиев.