Бишкектеги базарлардын биринен капчык уурдоого шектелип 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну кайрылган. Ал 15-март күнү "Дордой" базарынан белгисиз адамдар сумкасындагы 7070 сом акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы О.Г. жана 16 жаштагы А.А. аттуу кыздар кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.