Борбор калаада баңгизат менен 21 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында 15-март күнү саат 02:00 чамасында Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Нарын облусунун 21 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан жалпы салмагы 26 граммды түзгөн гашиш табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.