"Жал-Артис" ишканасын депутаттык жумушчу топ текшермей болду
Парламенттин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети
бүгүн, 25-мартта “Жал-Артис” ЖЧКсын текшерүү үчүн жумушчу топ түзүү чечимин кабыл
алды. Жумушчу топ аталган ишкана мамлекет жана мэрия тарабынан бекитилген талаптарды бузгандыгы
тууралуу маалыматты иликтейт. Эгерде мыйзам бузуулар орун алган болсо, анда ишти
укук коргоо органдарына өткөрүп беришмекчи. Кошумчалап кетсек, аталган ишканада 20 пайыздык үлүшү бар М.К. аттуу жаран ишкананын каржылык иш-аракетин текшерүү суранычы менен Жогорку Кеңешке кайрылган.