Унаанын айнектерин талкалап, бейбаштык фактысына шектелген шаар тургуну кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда бейбаштык фактысына шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 16-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-мартта Бишкек шаарынын 36 жаштагы У.А. аттуу тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 11-март күнү саат 15:00 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылынан болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз адам Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасынын алдынкы жана сол жагындагы терезелерин сындырып кеткенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 10 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Бишкек шаарынын Ч.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elmurat.kg
2016-03-16 15:32:34
атын чыкпаса жер өрттө
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан